“Элдик Кайрат” 10 млн алган Бекназаровдун туугандарынын аттарын атады

2010-жылдын июнь окуяларынан кийин аймакты турукташтырууга деп бөлүнгөн 16 млн сомдун 10 миллионун Азимбек Бекназаров өзүнүн туугандарына жана жакындарына тараткан. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда, маалымат жыйында "Элдик Кайрат" коомдук бирикмесинин төрагасы Улан Сооданбеков билдирди.

Анын айтымында, "Элдик Кайратка" 13-15-апрелде акча алгандардын тизмеси келген. Каражат кайсыл максатта берилгени жазылган эмес.

Тизмедеги адамдар:

Исраил Шергазиев (бажасы), Кадыркул Өмүрбеков (жакын тууганы), Сартбай Жайчыбеков (адвокат) – 2 млн 300 миң сом. Караколдун экс-вице-мэри Жолдошбек Алиев – 200 миң сом, Самидин Белеков (жакын досу) – 500 миң, Жалал-Абат облсунун мурдагы губернатору Бектур Асанов (колдоочусу) – 1 млн сом, Эрмамат Төрөмамбетов (Руслан Бекназаровдун досу) – 1 млн сом, Канат Айтенов (Исмаил Исаковдун жакыны) – 5 млн сом.

"Биз июнь окуяларына катышып, Ошто болдук. Ал жактан өз каражатыбызга келдик – Бекназаровдун акчаларын көргөн да эмеспиз", - дейт коомдук бирикменин башка мүчөсү Таалайбек Токтокожоев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД