Жогорку Кеңештеги мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин депутаттары ИИМдин башчысы Шамил Атаханов төртүнчү жолу алардын жыйынына келбей койгонуна ачууланышты.
Комитет башчысы Кенжебек Бокоевдин айтымында, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана ички иштер органдарындагы реформалардын абалы тууралуу маалыматты угуу үчүн министр өзү келиши керек болчу.
"Биз үчүн министр Атахановдун жеке пикирин угуу маанилүү болчу", - дейт Бокоев.
КСДП фракциясынын депутаты Эркин Сакебаев премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кат жазуу керектигин сунуштады. Анткени ИИМ премьерге баш ийет.
"Ата-Журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев мындай окуя тарыхта боло электигин белгиледи.
"Демек бул – министрди премьер-министр "крышовать" этип атат дегенди түшүндүрөт. Келгиле жыйынга министрлер кабинетинин башчысын чакыралы, ал ИИМди көзөмөлдөп атат да. Анда ал өзү келип өкмөттүн ички иштер органдарын реформалоо боюнча жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү программасы боюнча айтып берсиң. Келгиле ИИМ боюнча маалымат берүү үчүн премьерге кайрылалы. Эгер ал комитет жыйынына катышууну каалабаса, анда бул маселени палатага алып чыгалы", - деп билдирди Абдылдаев.
Профилдик комитеттин мүчөлөрү ички иштер министри Шамил Атахановду же премьердин жыйынга катышуусу үчүн Жантөрө Сатыбалдиевге кат жөнөтүү чечимин кабыл алды.