Күн сайын Ала-Арча дарыясынын президенттик резиденциядан Чоң Чүй каналына чейинки нугу көзөмөлдөнүп турат. Мындай маалыматты Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко журналисттер менен бөлүштү.
"Муз каптап калган жерлер бар. Бирок алар суунун жээктен чыгуу коркунучун жаратпайт", - дейт ал.
Красиенко, эгер аба ырайы дароо муздап, суу тоңо турган болсо гана суунун жээктен чыгуу коркунучу бар экенин айтты. Ал учурда кырдаал толугу менен көзөмөлдө, деп ишенимдүү билдирди.