Талас шаардык кеңешинде көпчүлүктү түзгөн 16 депутат кечээ өзүн-өзү таркатууну жарыялашты. Бул тууралуу коомдук активист Мавлян Аскарбеков "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, буга чейин азчылык болгон "Республика" партиясынын өкүлү Айдарбек Жусупбеков шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланган. Жалпысынын Талас шаардык кеңеште 31 депутат бар. Алардын 15и "Республика" фракциясынын депутаттары. Коалициялык көпчүлүктү КСДП, "Замандаш-Современник" жана "Акшумкар" партиялары түзөт.
"Республиканын" талапкери төрага болуп шайлангандан кийин коалициялык көпчүлүк башка талапкерди – Сталбек Момунбековду шайлап алышкан. Ошентип шаардык кеңеште эки депутат төрагалык кылууда",- деп билдирди Аскарбеков.
Шаар башчысы болуп "Республика" фракциясынын мүчөсү шайланды. "Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен "Республика" фракциясынын мүчөсү Анарбек Кушубеков шайланды", - дейт ал.
Активист Борбордук шайлоо комиссиясы Талас шаардык кеңештин таркаганын тастыктап жаңы шайлоону дайындаш керек дейт.