Президент букмекер жана тотализатор кеңселеринин жабылуусун колдойт

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыстандагы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролорунун ишмердиги жөнүндөгү" мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди. Бул мыйзам 2012-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, мыйзамдын максаты Кыргызстандагы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролорунун ишмердигин укуктук жөнгө салуу болуп эсептелет. Мындан мурдараак кабыл алынган "Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, тотализатор жана букмекер оюн залдарына тыюу салынган эмес жана алардын ишмердиги башка мыйзам менен жөнгө салынышы керек болгон.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, президент – букмекер кеңселери жана тотализатор бюролору кумар оюндарына кирет деп эсептейт. Ал жакта да мелдештерге байге сайыла тургандыгын айтып, мыйзам долбооруна каршылыгын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД