Ысык-Көл районунун Бостеридеги ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам келип түшкөн маалыматтын негизинде Бостери айылынын 30 жаштагы тургунун кармашты. Анын буюмдарын тинтүү учурунда желим баштыкка оролгон 4 кг кара куурай табылган.
Маңзатты мыйзамсыз сактаганы үчүн кылмыш иши козголду.