Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп Абдызакир Ибрагимов шайланды. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан көрсөтүлгөн. Анын талапкерлигин колдоп 31 шаардык депутаттын 16сы добуш берген.
Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп КСДП жана "Ата-Журт" партиялары көрсөткөн Абиш Калмурзаев 22 добуш менен шайланды. Бул тууралуу "Азаттык" билдирди.
Ал эми Кара-Балта шаарынын башчысы болуп Данияр Шабданов шайланды. Анын талапкерлигин колдоп 28 депутат добуш берген.
Бүгүн, 28-январда, Кыргызстандын 12 шаарында жана 65 айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийликтин башчыларын шайлоо өтүүдө. БШКнын маалыматы боюнча, бүгүн Кара-Балта, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Чолпон-Ата, Талас, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кара-Көл, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларында мэр шайланышы керек болчу.