Темир Сариев: “Кумтөр” бир жарым эсе аз салык төлөөдө

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКы менен түзүлгөн келишим боюнча компанияга салык төлөө боюнча өзгөчө шарттар берилген. Алар өлкөдөгү башка компанияларга караганда бир жарым эсе аз салык төлөшөт. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кумтөр" 13% гана салыкты жана Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондуна 1% гана салык төлөйт. Ошол эле учурда Кыргызстандагы ишканалар иштеген тармагына ылайык орточо эсеп менен 17ден 20%га чейин салык төлөйт.

"Эмне үчүн "Кумтөр" бир гана салык төлөп, калган ишканалар көп төлөшү керек? Мамлекет бирдей шарт түзгөнгө милдеттүү. Биз алар көп төлөсүн деп талкуулаган жокпуз. Эгер "Кумтөр" жалпы режимден өзгөчөлөнүп турса, анда маселе туулуп мамлекеттин дарегине айыптоолор түшө баштайт", - дейт Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД