Алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучулар өкмөттөн алардын продукциясына карата дүңүнөн жана чекене сатуу боюнча минималдык акциздик салык коюп берүүнү суранышууда. Бирок алардын бул демилгеси колдоо тапкан жок. Бул тууралуу Кыргызстандын спирт ичимдиктерин чыгаруучу ассоциациясынын президенти Турсунбек Куренкеев билдирди.
Анын айтымында, учурда алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучулар мамлекеттен аракка карата акциздик салыкты көбөйтүп берүүнү суранышууда.
"Бүгүн арактын акцизине болгон баа 26 сом. Биз чекене сатыктагы баа 300 сомго чейин болгонда салыкты 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштап атабыз. Башкача айтканда бир литр арактын баасы 150 сомдон 250 сомго чейин болсо, акциздик салык 120 сом болушу керек. 250 сомдон ашканда акциздик салыкты 200 сом кылууну сунуштап атабыз", - дейт Куренкеев.
Белгиленгендей, Кыргызстандын рыногундагы эң кымбат арактар негизинен Орусиядан алынып келет. Акциздик салыкты көтөрүү менен жергиликтүү өндүрүшчүлөр ата мекендик алкоголдук тармакты колдоого алууга ниеттенүүдө.