Жалал-Абад шаардык жыйынына көпчүлүк коалициясынын депутаттары келген жок

Борбордук шайлоо комиссиясын чечими менен 28-январь күнү Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо күнү деп жарыяланган эле. Бул күнү саат 10-00 Жалал-Абад шаардык кенешинин сессиясы чакырылып, сессияга "Өнүгүү" саясий партиясынын депутаттары гана келип, калган КСДП жана "Ата-Журт" саясий партиясы түзгөн "Ак Ниет" көпчүлүк коалициясынын депутаттары келбей коюшту. Бул тууралуу Жалал-Абаттагы жаштар уюмунун жетекчиси Майрамбек Адылбеков билдирди.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаеванын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкер болуп КСДП жана "Ата-Журт" саясий партиясы түзгөн "Ак Ниет" көпчүлүк коалициясы шаардык кеңештин депутаты Муктар Арапбаевди, ал эми Өнүгүү партиясы шаардын экс-мэри Бакыт Адыловдун талапкерлигин сунушташкан. Ушул күнгө чейин КСДП жана "Ата-Журт" партиялары Өнүгүү саясий партиясын чакырылган сессияларга катышпай жатат, шаардын келечегине жана элдин мүдөөсүн аткарбай келишүүдө деп айыпташып, массалык маалымат каражаттарынан, жайындарда сүйлөп келишип, өздөрү шаардын тагдырын чечүүчү күнү, башкача айтканда шаардын аткаруу бийлигинин башчысын шайлоодо келбей коюшууда, дейт шаардык кенештин депутаты Нурбек Исмаилов.

Буга чейин, 19-январь күнү өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча өкүлү Жусубалы Торомаматов Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын алкагында Жалал-Абад шаарынан социалдык-экономикалык абалын талкуулайбыз деп жыйын чакырып, Жалал-Абад шаардык кеңешке өткөн "Ата Журт", КСДП жана "Өнүгүү" саясий партияларынын ортосунда пикир келишпегендиктен шаардык кеңештин депутаттары сессияларга чогула албай жатканы жана жаңы шайланган төраганын мыйзамсыздыгы боюнча талаш-тартыш талкуулар болуп өткөн эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД