Депутаттардын жолуна 5 миң сомдон бөлүү сунушталды

"Ар бир депутаттын чет жакка баруусуна болгону 5 миң сомдон бөлүш керек",- деп бюджет боюнча парламенттик угууда Жогорку Кеңешти реформалоо боюнча депутаттык жумушчу топтун башчысы Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн жумушуна гана тиешелүү болгон гана сапарлар төлөнүп берилиш керек. "Мисалы, Парламенттер аралык ассамблеянын жыйынына катышууга барса, анда каржыланышы керек. Калган сапарлардын баардыгы чакырып аткан тарап тарабынан каржыланыш керек", - дейт депутат.

Ошондой эле Маматалиев мурда депутаттын Кыргызстан ичине болгон 20 сапары бюджет төлөнүп берилгенин айтты. "Кээ бири 100дөн ашык барат. Кээ бир такыр эле барбайт. Ошентсе да бул максатка деп айына 7 миң сомдон бөлүнөт", - дейт ал.

Депутат чыгымдарды кыскартуу керек деген пикирде.

Ал ошондой эле депутат Абдрахмановдун ЖКын иш башкармалыгын кыскатуу жөнүндөгү идеясын колдоого алды. Ал эми гараж тууралуу депутат ал жакта "коррупция бар" экенин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД