Синоптиктер кыш айынын аягына чейин күндүн жылуу болорун айтышууда

ӨКМга караштуу Гидрометеорологиялык борбордун директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев январь жана февраль айларына болжонуп аткан аба ырайы тууралуу "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, ызгаардуу суук болбойт жана февраль айында маал-маалы менен кар жаашы мүмкүн.

"Борбор калаа Бишкек шаарындагы абанын температурасы күндүзү +2...+7, ал эми түнкүсүн +1...-2 градуска чейин төмөндөйт. Абанын жылуусу тийиштүү климаттык шарттардан улам өзгөрүүдө. Ошентсе да кайсыл климаттык шарттардан улам өзгөрүп атканын айтуу кыйын", - дейт Асанходжаев.

Эскертсек, Кыргызгидромет декабрда январь айы суук болот деп билдирген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД