2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча соттолуп аткан Данияр Дунгановду сот залынан тез жардам менен алып кетишти. Бул тууралуу аскердик соттон "ВБ"га билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-январда Дунгановду стационардык дарыланууга жаткырышкан. Бирок бүгүн ал сотко дарыгерлерден уруксат албай келген. Сот учурунда анын ден-соолугу кескин түрдө начарлап, аны "тез жардам" менен ооруканага алып кетишти.
Эскертсек, Дунганов ден-соолугуна байланыштуу 21-январда үй камагына чыгарылган болчу.