Чынгысбек Узакбаев Тажикстанга мыйзамсыз суу берген эмесмин дейт

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин бүгүнкү, 28-январдагы, жыйынында учурдагы Айыл-чарба министри Чынгызсбек Узакбаев аны Тажикстанга мыйзамсыз суу саткан деп айтып аткан Баткен суу чарба бассейни башкармалыгынын жетекчи орун басары Абдыбакир Имаров менен кайым айтышты.

"Тажик тарап суу берүү боюнча кайрылышкан. Суунун ордун төлөп беребиз деп сөз беришкен. Тийиштүү уруксат бизде жок. Биз мыйзамга каршы келген эч кандай жаман нерсе жасаган жокпуз. Бардык сууну тажик тарапка берип салуу эч качан болгон эмес. Алгач биз толугу менен колдонобуз, калганын тажиктерге беребиз", - дейт Узакбаев.

Эскертсек, Абдыбакир Имаров өткөн жылдын май айында Баткен суу чарба бассейин башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Ал профилдик комитеттин жыйынында аны жогорку жактагылар күч менен кызматынан алып, ал үчүн кызматтык машина жана бензин беребиз деп айтканын билдирген. Имаров арызын жазууга мажбур болгонун, бирок Баткен облусунун Төрт-Көл суу сактагычындагы абалды көзөмөлдөөнү улантканын маалымдады. Ал атка минерлер сууну соолуп калганча коңшуларга берип келгенин айтты.

"Имаров аксакал мен каралап, тажиктерге сууну мыйзамсыз берген деп атат. Бирок биз бир да мыйзамсыз иш жасаган жокпуз", - дейт Узакбаев.

Профилдик комитеттин жыйынында Имаров МУККнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына арыз жазганы белгилүү болду. Бул түзүм тийиштүү текшерүүнү жүргүзгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД