Кечээ, 27-январда, түнкү саат 3төр чамасында "Манас" аэропортунда Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аэропорттун коопсуздук кызматы менен биргеликте мыйзамсыз ок-дарыларды сактап жүргөн адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Бишкек – Санкт-Петербург каттамы боюнча уча турган учакка жүргүнчүлөрдү текшерип киргизүү учурунда 1977-жылы туулган Каракол шаарынын тургунунун кол сумкасынан 5,45 калибриндагы Калашников автоматынын 12 даана огу табылган.
Учурда кылмыш ишин козгоо иштери жүрүүдө.