“Кумтөр” боюнча келишимди жокко чыгаруу – Кыргызстанды тунгуюкка алып келет

"Кумтөр" боюнча келишим жокко чыгарылса, Кыргызстан Centerra Goldтун акцияларын кармап тургандарга кирешенин азаюусу үчүн анын ордун төлөп берүүгө туура келет. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда, мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, келишимди жокко чыгаруу менен абалдан чыгууга болбойт. "Биздин мамлекетти бул тунгуюкка алып келет. Эгер келишим жокко чыкса, КР мыйзамдары, жарандык кодекс боюнча Кыргызстан Centerra Goldтун акцияларын кармап тургандарга туруксуздук үчүн каражат төлөп калат", - дейт ал.

Жапаров азырынча келишимди жокко чыгаруу үчүн аргументтерди көрбөй турганын кошумчалады. "Болгону Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариевдин популисттик гана билдирүүсү бар. Келишимди жокко чыгаруу үчүн экономикалык аргументтер керек – эсептөөлөр, сандар. Буларга эч кандай эмоциянын, популизмдин кереги жок", - дейт экс-министр.

Жапаров Centerra маселесин "Кумтөр" долбоорунан бөлүп кароо керектигин айтат. "Жогорку Кеңеште оппозиция жана тунук ойлонгон кишилер бар. Алар мамлекетке жан тартып атат. Кыргызстан – Centerra Goldтун эң ири акционери. Андыктан бул маселени "Кумтөр" долбоорунан бөлүп караш керек. Тилекке каршы "Кумтөр" боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия толук түрдө мамлекеттик боло алган жок, болгону өкмөттүк гана болуп калды", - дейт ал.

Экс-министр "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссиянын курамына көбүнчө министрлер кабинетинин мүчөлөрү киргендигин белгиледи.

Жапаров ошондой эле 2005-жылы "Кумтөрдүн" ишмердигин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссияны жетектегенин айтып, анын курамына окумуштуу-геологдор, оппозициянын өкүлдөрү – Болот Шер, Ишенбай Кадырбеков, Арсланбек Малиев, Орозбек Дүйшеев киргенин кошумчалады. Ошондо парламент өз комиссиянын түзгөн, ал эми өкмөт "Кумтөр" боюнча өзүнчө комиссия түзгөн. Жыйынтыгында экөө мамлекеттик комиссияга бириктирилген.

"Centarra Goldтун Кыргызстанда иштеп же иштебей турганынан Кыргызстандын келечеги көз каранды. Инвесторлорду чакыруудан мурун, биз учурда иштеп аткандарга ыңгайлуу шарт түзүп беришибиз керек", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД