Бишкек-Ош трассасынан милиционердин сөөгү табылды

Бишкек-Ош трассасынан милиционердин сөөгү табылды. Бул тууралуу милиция кызматкерлери билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, милиция кызматкеринин денесине 10 жолу бычак сайылган. Каза болгон Айдаркул уулу Сардарбек (1985-жылы туулган) ИИМдин коргоо бөлүмүндө кызмат өтөп аткан. Бош убактысында ал "Субару Форестер" машинасы менен жүргүнчү ташып да иштеген. Бир канча күн мурда ал машинасы менен жумушка чыгып, ошол бойдон дайынсыз жолголгон.

Аймакты текшерүү учурунда Жайыл РИИБдин кызматкерлери каза болгон Айдаркул уулунун машинасын табышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД