Башкы прокурор Аида Салянова, баш прокурордун мурдагы биринчи орун басары Нурлан Жээналиев жана Коомдук телерадио-корпорациясынын башкы директору (КТРК) Кубат Оторбаев "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча суракка чакырылат.
Мындай чечимди сот ишине төрагалык кылган Биринчи Май райондук сотунун судьясы Адыл Субанкулов чыгарды.
Чечим кабыл алынгандан соң кийинки сот отуруму 1-февралга белгиленди.