Кыргызстандын жалпы тышкы карызы быйыл 3,3 млрд долларга жетет

Финансы министри Ольга Лаврова Кыргызстандын тышкы карызы сырттан келген жана ички каржы булактарынын аз-аздан төлөнүп атканын билдирди.

"2013-жылы мамлекеттин тышкы карызы 3 млрд 300 млн сом болот. Бул Ички дүң продукцияга карата 45-46%ды түзөт жана бул жол берилген чек болуп эсептелет. Жакшы өнүккөн өлкөдөрдө жол берилген чек 70%га чейин жетет. Андыктан Кыргызстан чектен чыгып кеткен жок. Кыргызстандын тышкы карызы анчалык деле өскөн жок. 50 млн доллар түрк кредитин кечүү да ишке ашты. Орусиядан алынган 189 млн доллар гранттын да бир бөлүгү төлөндү. 2016-жылга чейин этабы менен дагы 300 млн доллар тышкы карызды төлөөгө жумшалат", - дейт Лаврова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД