2013-жылы бюджеттин тартыштыгы 16 млрд 930 млн сом болот деп болжонууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда, финансы министри Ольга Лаврова билдирди.
Анын айтымында, республикалык бюджеттин тартыштыгын Финансы министрлиги чет элдик жана ички булардан улам жабууга аракет кылат.
"2012-жылдын такталган бюджеттик тартыштыгы 21 млрд 604 млн сом болсо, бул жылы болжонуп аткан тартыштык Ички дүң продукциянын 4,8%ын түзөт. Финансы министрлиги тарабынан кабыл алынган чаралардан улам 2012-жылдын тартыштыгын азайтууга мүмкүн болду. Болжонуп аткандан 1 млрд сомго аз болду", - дейт Лаврова.
Министр айым ошондой эле, жыл сайын бюджеттин тартыштыгы азайып баратканын кошумчалады.