Кыргызстандагы кылмыштуулуктун көпчүлүгүн башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо түзөт. Мындай билдирүү ИИМдин бүгүнкү, 25-январдагы, жыйынтоочу коллегиясында айтылды.
Жалпысынан 10 829 уурулук жана 28 847 кылмыш катталган. Былтыр уурулуктун саны 2011-жылга салыштырганда 9,6%га төмөндөгөн. Алардын бетин ачуу 56,3%ды түзгөн.