Сатыбалдиев ИИМди жыйынтык жок болгону үчүн сынга алды

2013-жылы ички иштер органына 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу ИИМдин бүгүн, 25-январдагы, жыйынтыктоочу коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, 2009-жылы бул тармакка 805 млн сом гана бөлүнгөн. "Каржылоо көбөйдү, ал эми иштин жыйынтыгы көрүнбөйт", - дейт премьер.

Ошондой эле ал 2012-жылы ИИМ үчүн 23 долбоор пландалган болсо, анын төртөө гана ишке ашканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД