Экономика министрлиги лизингдик компанияларды 2022-жылга чейин салыктан бошотту

Экономика министрлиги ушул жылдын 1-январынан тарта лизингдик компанияларды негизги салыктан бошотту. Бул тууралуу "Мен уурдабай, ошондуктан декларация толтурам" аттуу пресс-сессияда экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, лизингдик компаниялар салыктан түшкөн жана чет элдик компаниялар үчүн дивидентке каралган салыктан бошотулду. Ошондой эле кирешеге каралган 5-10%дык салыктык көрсөткүч 2016-жылга чейин 1-0%, 2022-жылга чейин 5%га чейин төмөндөтүлгөн.

"Бүгүнкү күнү ишканалардагы жана айыл-чарбасында колдонулуп аткан техникалар эскирди. Салыкка киргизилген жеңилдиктер лизинг боюнча ишкерликти өнүктүрөт жана орусия менен белорусиялык компаниялардын өз өкүлчүлүктөрүн ачууга түрткү берет", - дейт Касымалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД