Атажуртчу депутаттардын ишине төрагалык кылган Биринчи Май райондук сотунун судьясы Адыл Субанкулов депутаттардын жана алардын жан сакчыларынын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок.
Эскертсек, кечээ, 24-январда, Субанкулов атажуртчу депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү кароону жылдырган болчу.
Бүгүн сот адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок.