Бүгүн, 25-январда, Жогорку Кеңештин "Ырыс алды - ынтымак" парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйыны болуп, анда "Кумтөрдүн" ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.ы
Жыйынга Экономика министри Темир Сариев, "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын юридикалык экспертиза боюнча жумушчу топтун төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, комиссиянын социалдык-экономикалык экспертиза боюнча жумушчу топтун төрагасы Мирлан Байгончоков, экологиялык жана тоо-кен техникалык экспертиза боюнча жумушчу топтун төрагасы Осмонбек Артыкбаев катышууда.
Белгилей кетсек, 2012-жылы 27-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында "Алтын казып алуу кенинин таасири тийген аймакта жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк жүрүмдүн коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАК тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик көзөмөлдүн абалын текшерүү жана иликтөө боюнча Убактылуу депутаттык комиссиянын отчету талкууланып, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган. Токтомго ылайык, Убактылуу депутаттык комиссиянын отчетун эске алуу менен КР өкмөтүнө бул комиссиянын отчетунда белгиленген маалыматтарды ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасы берилген. Ал комиссия эл аралык эксперттерди тартуу менен Кумтөр алтын кениндеги экологиялык, өндүрүштүк, социалдык зыяндарды аныктоо иштерин жүргүзүп, маалымат бериши белгиленген.
Эскертсек, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын ишмердигин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясы КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтому менен түзүлгөн.