Казакстандын жарандары ири өлчөмдөгү маңзат менен Бишкекте кармалды

Казакстандын жарандары ири өлчөмдөгү маңзат менен Бишкекте кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБдин кызматкерлери билдирди.

Маалымдалгандай, түнкү мобилдик топтун кызматкерлери машина менен качып кетүүгө аракет кылган жаранды кармашкан. Айдоочудан башка машинанын ичинде Казакстандын эки жараны болгон. Машинаны тинтүү учурунда 4 кг героин жана килограммдан ашык нашаа табылган.

Маңзат сатып шугулдангандарды кармап, сурак алуу үчүн тергөөчүгө алып барышкан. Кармалгандарга карата кылмыш иши козголду. Тартип сакчылары ири көлөмдөгү маңзат кимге арналганын жана алып келүүчүлөр да кимдер болушу мүмкүндүгүн иликтөөдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД