Санкт-Петербург – Ош аба каттамында кыргызстандык аял төрөдү

22-январь күнү учкан Санкт-Петербург – Ош аба каттамында кыргызстандык аял самолетто эркек бала төрөдү. Бул тууралуу орусиялык metronews.ru маалымат агенттиги билдирди.

Маалымдалгандай, учакта Гүлдана аттуу кыргызстандын жаранынын толгоосу башталган.

"Биздин авиакомпаниянын самолетунда ымыркай төрөлдү. Самолеттогу кардарларды тейлеген Алексей Романюк 10 000 метр бийиктикте жарык дүйнөгө келген эркек баланын киндигин кести", - деп жазылат "Россия" авиакомпаниясынын блогунда.

"Ошко конууга бир саат калганда Алексей ага бортпроводник Татьяна Магрого жүргүнчүлөрдүн биринин абалы начарлап атканын билдирген. Татьяна аба кемесинин башчысына окуя тууралуу маалымат берип, жүргүнчүлөр арасында дарыгерлер барбы деп жарыялаганга чейин Алексей кырдаалды өз колуна алып, коллегалары менен биргеликте бардык керектүү аракеттерди көргөн. Алексей кардарга жогорку деңгээлде жардам көргөзүп, анын атын эми өмүр бою эстеп калат. Ошондой эле төрөгөн аял менен анын баласы да Алексейди такыр унутпай болуш керек. Журналисттерге маалым болгондой жаңы төрөлгөн ымыркайга Алексей деген наам берилген".

"Ымыркай маалына жетпей төрөлгөн жана биз анын ден-соолугу үчүн абдан кабатырландык. Бактыга жараша төрөт ийгиликтүү өттү",- деп билдирди төрөттү кабыл алган Алексей. Андан сырткары ал тамаша-чыны аралаш "Кыздар, учар алдында көзөмөлдө турган дарыгерден кеңеш сурап алгылачы", - деп кайрылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД