Валентин Богдецкий: “Кумтөр” боюнча келишимди жокко чыгаруу мүмкүн эмес

"Кумтөр" боюнча 2009-жылкы келишимди жөн гана жокко чыгаруу мүмкүн эмес, анан калса ал парламент тарабынан ратификацияланган. Бул тууралуу Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Валентин Богдецкий "ВБ"га билдирди.

"Бул оңой иш эмес. Андан сырткары бул келишимди түзгөн "Камеко" фирмасы бизнестен чыгып кеткен. Азыр ким менен талашабыз? Акционерлер мененби? Келишимдин шартын укуктук нукта кантип алмаштырабыз?" - деп суроо салат ал.

Богдецкийдин айтымында, Кыргызстан үчүн пайдасыз түзүлгөн келишимди өзгөртүүнүн бир гана жолу бар.

"Кандай болгон күндө да бул маселени сүйлөшүү аркылуу чечүү керек. Анын адилетсиз болгонун көргөзүш керек. Келишимди канадалык компания менен биргеликте эки тараптын макулдугу менен гана кароо керек. Эгер биз тараптан жүйөлүү аргументтер болгонда гана бир нерсе ордунан жылышы мүмкүн. Эгер алар жокко чыгарууга макул болушпаса, биз андан ары эмне кылабыз? Лицензиясын тартып алабызбы? Ага укугубуз жок. Биз эч кандай санкция колдоно албайбыз", - дейт ал.

Богдецкий ошондой эле эгер компания толугу менен токтоп калса, Кыргызстан көп нерсе жогото турганын белгиледи.

"Биз аны улутташтыра албайбыз. Болгону сатып гана алууга болот. Бул 3 миллиард доллар турат. Биз аны кайдан табабыз?", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД