"Мен учурдагы бийликтин жалгыз оппоненти болгондуктан Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камакка алышты", - деп 24-январдагы сот иши учурунда айыпталып аткан "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, эч кандай мыйзам бузган эмес, чын дилинен калкка кызмат өтөгөн жана учурдагы бийликке коркунуч туудурган. Ошондуктан аны камакка камап коюшкан.
"Бийлик мени темир тор артына камап коюп, сындырдык деп ойлоп атышат. Бирок андай болбойт. Эртең өздөрү сот жообуна тартылып калышы мүмкүн", - дейт Ташиев.
Эскертсек, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 3-октябрдагы митингден кийин жан сакчылары менен бирге кармашкан. Алар бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.