"Кумтөрдү" текшерүү боюнча комиссияны жетектөө оор иш болду", - деп өкмөттүн бүгүнкү, 24-январдагы, жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, "Кумтөр" эгемендик алган 23 жыл ичинде Кыргызстан үчүн эң ири долбоор.
"Алтын иштетүүчү мекеме иштеп баштагандан бери аны түрдүү 17 комиссия текшерген. 2012-жылы өкмөт комиссия түзүүнү чечкенде мен комиссияны премьер-министр же вице-премьер-министрдин жетектөөсүн сурангам. Бирок, министрлер кабинетинин мүчөлөрү комиссияны мен жетектөөмө добуш беришкен. Бул иш менин иштеримдин ичинен эң оору болду", - дейт Сариев.