Данияр Тербишалиев: Акыйкатчыны шайлоо процесси мыйзамдуу өттү

Акыйкатчыга добуш берүү мыйзамга ылайык өттү. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Эскертсек, кечээ, 23-январда, Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Турсунбек Акун экинчи мөөнөткө акыйкатчы болуп шайланган. Ага депутаттардын 51 "макул" деп добуш берген. Аны менен экинчи турда ат салышкан Турсунбай Бакир уулун депутаттардын 35и гана колдогон.

Тербишалиев акыйкатчыны шайлоо учурунда башында ар бир талапкерге өз-өзүнчө добуш берүү керектигин белгиледи. Аларга деп ар бир талапкерге өз-өзүнчө бюллетень берилет, дейт ал.

"Бул жолу 16 талапкердин баарына бир гана бюллетень берилди. Бирок логика боюнча 16 бюллетень болушу керек болчу. Бир бюллетенге бардык 16 талапкердин аты-жөнүн жазышты", - дейт ал.

Эл өкүлү мыйзам боюнча депутаттар бир канча талапкердин тушуна белги койсо болмок, бирок алардын баары бирден гана талапкерге добуш берди.

"Добуш берүү формалдуу түрдө мыйзам талаптарына жооп берди", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД