Токмок мэриясы мурдагы кызматкерлеринин басмырлоо болууда дегенин төгүндөдү

Токмок шаарынын мэриясы улуттук өзгөчөлүгүнө карап басмырлоо болууда деген кызматкерлеринин билдирүүсүн жокка чыгарды. Бул тууралуу Токмоктун вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев маалымат жыйында билдирди.

"Мамлекеттик чиновниктин улуту болбойт. Жумуштан алуу бардык мекемелерде эле болуп келет. Жумуштан алынган кызматкерлер атесстациядан өтпөй калышкан", - дейт Шамыралиев.

Ал мэрия жетекчилигинин жумуштан алуу боюнча чыгарган чечимине макул болбогон кызматкерлерди сотко кайрылууга чакырды.

"Балким кээ бири менин жаш курагыма карап тажрыйбасы жок деп атышы мүмкүн. Эгер мен өз ишимди билбесем, бул кызматты ээлебейт элем. Мен сациалдык блокту тейлейм. Азыр жакшы тарапка жылуу байкалууда", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД