Токмоктун мэрин улуттук азчылыкты басмырлоодо деп айыпташты

Токмок мэриясынан бошогон кызматкерлер шаар башчысы Анвар Оморкановду улутуна карап басмырлап атат деп айыптоодо. Бүгүн мэриянын мурдагы кызматкерлери Токмоктун мэрине болгон нааразычылыгын журналисттерге айтышты.

Эрса Зайнабдын айтымында, мэр "улуттук азчылыктын укуктарын басмырлап, аларды улуттук өзгөчөлүгөна карата жумуштан кетирүүдө".

Мэриянын маданият бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Сабира Турусбекова шаардык муниципалитеттин жетекчиси "мыйзамга каршы чечимдерди кабыл алууда" дейт. "Анын ичинде басып алуучулук, жерлерди сатуу жана бюджеттен берилген каражатты максатсыз пайдалануу да бар", - деп кошумчалады ал.

Жумуштан алынган Роза Баймырзаева шаар мэри Оморканов вице-мэр кылып 26 жаштагы баланы дайындаганын айтты. Анын айтымында, вице-мэр социалдык саясатты кандай жүргүзүүнү билбейт.

Жумуштан алынган кызматкерлердин айтуусунда, Токмок мэриясындагы кадрдык саясатты экс-мэр Канат Исаев чечет.

"Оморканов 2012-жылдын май айынан баштап иштеп келетат. Андан бери 25 кишинин жетөөнү мажбурлап арыз жаздырып, жумуштан алды", - дейт Зейнаб.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД