"Шайлоонун жыйынтыгы депутаттардын өзүндө да бир нече суроо жаратты. Менин билишимче, биринчи жыйыктык боюнча Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулу бирдей добуш алышкан. Бирок экинчи жыйынтык боюнча Акун андан бир кыйла алдыга озуп кеткен", - дейт акыйкатчылылыкка талапкер болгон Дмитрий Кабак "ВБ"га берген маегинде.
Ошондой эле укук коргоочунун баамында, бюллетень аркылуу добуш берүүнүн өзү эл өкүлдөрүндө "бир топ маселе" жараткан. "Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзам ылайык, добуш берүү ар бир талапкерге өзүнчө өтүшү керек. Менин билишимче аларда бардык талапкерлерге карата бир гана бланка болгон. Депутаттар өздөрү да кантип добуш берүүнү билген эмес", - дейт Кабак.
Эскертсек, 51 депутат Акундун талапкерлигин колдогон. Ошентип ал акыйкатчылык кызматка экинчи мөөнөткө шайланды.