КР президенти Алмазбек Атамбаевдин бүгүн, 23-январда, кол койгон буйругуна ылайык, Замир Сабаев мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары жана 9-кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.