Акыйкатчылык кызмат боюнча “жең ичинен сүйлөшүүлөр” болгону белгилүү болду

Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоо боюнча жашыруун сүлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу "ВБ"га жеке булактардан маалым болду.

Эскертсек, бүгүн депутаттар өлкөнүн башкы укук коргоочусу болгусу келген талапкерлерди талкуулап атат.

Жеке булактын билдиргенине караганда, оппозициялык фракция болгон "Республика" жана "Ата-Журттун" бир катар депутаттары Марат Кайыповдун талапкерлигин колдошууда. Ал эми КСДП фракциясы БШКнын мурдагы жетекчиси Акылбек Сариевдин талапкерлигин "башкаларды алаксытуу" максатында гана колдоп атканын, чынында учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун талапкерлигин колдоп атат. Ал эми Турсунбай Бакир уулун колдогон депутаттар дээрлик жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД