Кырызстандык Нургазы Чолпонбаев быйыл эларалык футбол федерациясынын (ФИФА) судьялар тизмесине кирди.
Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиргендей, Чолпонбаев эми оюндарга судьялык кыла алат.
ФИФАнын судьялар боюнча инструктору Виктор Колпаковдун айтымында, жыл аягында удуттук федерациялар аталган тизмеге кирүүгө татыктуу болгон судьялардын талапкерлигин сунуштайт. Андан соң алар ФИФАнын чечими менен эл аралык класстагы калыстардын тизмесине кирет. ФИФАнын категориясын алган калыстар федерация уюштурган матчтарда калыстык кыла алышат.
Эскертсек, буга чейин ФИФАнын тизмесине кирген Кыргызстандын үч гана судьясы болгон. Алар: Дмитрий Машенцев, Тимур Файзуллин жана Рысбек Шекербеков.