"Акыйкатчы болуп иштөөгө аялдарга да мүмкүнчүлүк бериш керек", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында өлкөнүн башкы укук коргоочусунун ордуна талапкер Чолпон Койчуманова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү саясый өнүгүүнү жана акыйкатчы институтунун калыптанышы аркылуу акыйкатчынын ишинин приоритеттүүлүгүн аныктаса болот. "Ал көз карандасыз, калыс жана өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөбөш керек. Ошондо гана ал ишин жакшы алып кете алат. Бизде мыйзамдар жана Конституция бар. Ал жерде акыйкатчынын иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Эгер ал белгилүү бир топтун кызыкчылыгын коргой турган болсо, анда кызыкчылыктардын кагылышы болгондо, ал демократияга негизделген акыйкатчылык иштин принциптерин бузбайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - дейт Койчуманова.
Ал ошондой эле эл өкүлдөрүнө "акыйкатчы өлкөдөгү демократиянын жүзү экенин эстен чыгарбоо керек" деп кайрылды. "Мамлекетти дүйнөлүк аренада таанытып аткандыктан акыйкатчы кынтыксыз болушу керек. Ал мамлекеттин жүзү, ага карап туруп ал кайсыл мамлекетти тааныштырып аткандыгын билишет. Акыйкатчы болуп жалаң эркектер иштеп келди. Демократиянын принциби гендердик теңчилдикти да көргөзөт жана бул кызматка аялдардын да иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек. Дүйнөлүк тажрыйбада да байкалгандай, аялдар өз ишин мыкты жасашат. Бардык тармакта укук жана эркиндиктин бузулушу өңдүү көйгөйлөр бар. Акыйкатчынын милдети – кайсыл жерде укук жана эркиндик көп бузулса ошол жерде иштөө керек", - дейт Койчуманова.