Акыйткачылык кызматка талапкер Марат Кайыпов аялдардын укугун коргоого сөз берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 23-январдагы, пленардык жыйынында өлкөнүн башкы укук коргоочусун шайлаар алдында депутаттар акыйкатчы болууну каалаган талапкерлерге сөз берди.

Дмитрий Кабак өз сөзүндө акыйкатчы аппараты болушу керектигин айтып, акыйкатчы өтө эле саясатка аралашып кетпеши керектигин белгиледи. "Өзгөчө көңүлдү акыйкатчы институтун каржылоого буруш керек. Ошондой эле арыз каттар ыкчам каралышы үчүн аймактар да каржыланууга тийиш", - дейт ал.

Акыйкатчылык орунга талапкер, мурдагы юстиция министри Марат Кайыповго сөз берилгенде ал төрт жылдан бери жогорку трибунага чыгып сүйлөй электигин белгиледи. "Бийликтин ар бир органы биринчи кезекте Кыргызстандын элине кызмат кылыш керек. Акыйкатчы жарандардын укугунун бузулушуна жол бербеши керек. Эгер мен шайланып калсам элдин укугун коргоо үчүн милиция менен кызматташууга ниетим бар. Биз кандайдыр бир ийгиликтерди жасай алдык жана бизге эч ким өзүнүн шартын таңуулай албайт. Мен ошондой эле чет элдик жарандарга турмушка чыгып, мекенине келе албай аткан аялдардын укугун да коргоого ниетим бар", - деп сөз берди Кайыпов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД