Январь айында Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин депутаттары Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) тагдырын талкуулашат. Эскертсек, эл өкүлдөрүнүн бир тобу 10 жылдан ашуун окуучулар арасында өткөрүлүп келген ЖРТны алып салууну демилгелешүүдө. Бирдиктүү мамлекеттик экзамен (БМЭ) Орусия, Казакстан жана бир катар КМШ мамлекеттеринде өзүн актаган эмес.
"Комитетте бул маселе боюнча түрдүү пикирлер бар", - деп "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко "ВБ"га билдирди. "Бир катар депутаттар БМЭни киргизүү менен ЖРТинин ордун алмаштырса болот деген пикирде. Ошентсе да даярданбай, анын оң-терс жактарын билбей туруп жаңы системага дароо өтүү мүмкүн эмес. Мен абитуриенттерди тынчтанууга чакырам – аларга эч ким тоскоолдук жаратпайт. Балким ЖРТ менен БМЭ системалары кандай иштей турганын изилдеп чыгуу үчүн өкмөттү милдеттендирүү боюнча сунуш түшүп калышы мүмкүн" , - дейт депутат айым.
Депутат жеке өзү окууга тапшырууда учурда колдонулуп аткан системаны колдой турганын билдирди. "Биз бир нече жылдын ичинде жакшы механизмди иштеп чыктык. Ал бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул системадан баш тартуу керек деп ойлобойм. Тескерисинче аны өнүктүрүү кажет. ЖРТ менен БМЭнин максаты жана милдети бирдей. ЖРТ абитуриенттердин шык-жөндөмдүүлүгүн баалоого багытталган. БМЭ мектеп программасын канчалык өздөштүргөндүгүн баалоого багытталган. Бул билимди баалай турган эки түрдүү инструмент", - дейт Никитенко.