7-апрель окуясы боюнча сот иши жабыркагандардын митингинен улам болбой калды

2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча сот иши жабыркагандардын боло турган митингинен улам болбой калды. Мындай чечимди сот ишине төрагалык кылган судья Дамир Оңолбеков кабыл алды.

Жабыркагандардын биринин адвокатынын айтымында, алар эртең, 24-январда, Жогорку Кеңеш имаратынын алдына митингге чыгат жана апрель окуясы боюнча айыпталып аткандардын бардыгын камакка алууну талап кылышмакчы.

Ушундан улам жабыркагандар сот ишин жылдырууну суранышкан.

Тараптардын пикирин уккан соң судья Оңолбеков кийинки сот ишин 28-январга белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД