Ушул жуманын аягына чейин чек ара боюнча Тажикстан менен болгон сүйлөшүү уланат. Бул тууралуу бүгүн чек араны делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча КР өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров "ВБ"га билдирди.
Эскертсек, сүйлөшүү 22-январда башталган. Эки мамлекет чектешкен аймактын 40 чакырымын макулдашып тактоо пландалууда.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы 26-январда белгилүү болот.