Мурдагы Социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировдун сот иши белгисиз мөөнөткө кайтадан жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан "ВБ"га билдиришти.
Белгиленгендей, президенттин 2013-жылдын 17-январындагы буйругуна ылайык Бишкек шаардык сотуна судьялардын жаңы курамы дайындалган.
Ант берүү, Бишкек шаардык сотунун жетекчилигин шайлоо жана тийиштүү сот коллегияларын түзүү иштери боло тургандыктан 23-январга белгиленген бардык иштер белгисиз мөөнөткө жылдырылды.