Кыргызстан менен Тажикстан жалпы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

"Учурда Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө", - деп чек араны делимитациялоо жана чек арадагы аймактарды өнүктүрүү боюнча өкмөт аппаратынын бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын өкүлдөрү делимитация жана демаркация маселелерин тарыхый документтерди текшерүү аркылуу чечүү үчүн Кыргызстанга келди.

"Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 км, алардын 567 км жумушчу топ иликтесе, анын 519 км мамлекеттик чек ара катары бекитилген", - дейт Искандаров.

Ал сүйлөшүү аяктагандан кийин кенен маалымат бериле турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД