Социалдык фонд 2013-жылы орточо пенсияны 10%га көтөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин бүгүнкү 22-январдагы жыйынында мекеменин башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев билдирди.
Комитет жыйынында Социалдык фонддун 2013-жылга карата бюджети жана 2014-2015-жылдарга болгон божомолу каралууда.
Абулгазиевдин айтымында, пенсия 426 сомго жогорулайт. "Алгач пенсияны эки этап менен көтөрүү каралган. Бир катар сунуштардан кийин бир этап менен 10%га чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды. Бүгүн орточо пенсия 4 696 сом. Жогорулатуунун мөөнөтүн парламентте дагы талкууланышы керек", - деди ал.