Өкмөттүн сайты техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей атат

Өкмөттүн сайты техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам иштебей атат

Кыргыз өкмөтүнүн www.gov.kg сайты бүгүн эртең менентен баштап техникалык себептерден улам иштебей атат. Бул тууралуу өкмөт башчысынын маалымат-катчысы Мелис Эржигитов "ВБ"га билдирди.

Маалымат-катчы учурда мүчүлүштүктөрдү жөнгө салуу боюнча аракеттер болуп атканын белгиледи.

"Азырынча сайт качан иштеп баштаарын айта албайм. Биздин адистер анын үстүнөн иштеп атат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД