Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин жыйынына 2 гана депутат келди. Аталган комитетте 9 мүчө бар.
Комитет төрагасы Токтогул Тумановдун айтымында, сегиз депутаттын үчөө ишеним кат тыштап кеткен, ал эми бир депутат келе тургандыгын айткан болчу.
Жыйынга келгендер – комитет төрагасы жана "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов.