"Ош шаарынын бюджетин былтыр 1 млр 258 млн сом менен жаптык. 2013-жылы аны да көбөйтөбүз. 2015-жылга карата шаардык бюджетти 2 млрд сомго чыгаруу боюнча пландарыбыз бар", - деп Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов "Азаттык" радиосунун "Интернет эрөөл" программасынын түз эфиринде билдирди.