Төрагынын орун басары, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаев январь айынын күн тартибине уюшкан кылмыштуу топ (УКТ) менен болгон күрөш кандай болуп аткандыгы тууралуу маселени киргизүүнү сунуштады. Ал криминал баш көтөрүүдө деп белгиледи.
"Чындыгында күч түзүмдөрүн угуу кызыктуу. Биз коомдук резонанс жараткан милиционерди өлтүрүү өңдүү кылмыш иштерине көңүл бурушубуз керек", - деди Сасыкбаева.