Кыргызстандык футбол судьясы Рысбек Шекербеков Азия футбол конфедерациясынын элиталык калыстар тизмесине кирди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, элиталык тизмеге кирүү Азия конфедерациясы алкаганда болуп аткан оюндарда башкы калыс болуу укугун берет.
Федерациядан билдиргендей буга чейин аталган тизмеге кыргызстандык судьялар Тимур Файзуллин жана Дмитрий Машенцев да кирген.